Печать
Категория: Коом
Просмотров: 134

19-апрелде Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тоолуу аймагынан курал-жарактардын жашыруун жайы табылып, андан төмөнкү ок-дарылар алынды. Бул жай УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз жүгүртүүдөн чыгаруу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын уюштуруунун жүрүшүндө табылган. 

Табылган курал-жарактар:

- 1 даана Ф1 сактагычсыз гранатасы;
- 3 даана кол түтүн гранаталары;
- 1 бирдик ВОГ- 17 снаряды;
- 1 даана сигналдык патрон;
- 3 даана белгисиз үлгүдөгү чабуулчу гранаталар;
- 1 бирдик 16-калибрдеги жылмакай мылтык;
- 4 даана 7,62-калибрдеги патрондор.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында жогоруда аталган ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө катышкан адамдарды аныктоого багытталган комплекстүү ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.