Печать
Категория: Коом
Просмотров: 123

- Май айынан баштап, электр энергиясынын тарифи жогорулап, 23 тыйынга кымбаттары айтылууда. Энергетиктер тетиктердин эскилиги жеткенин айтып, тарифти көтөрүүгө аргасыз болушканын айтышууда. Бул сунуш жогору жактан колдоо тапканы менен эл туура кабыл алабы?

- Электр энергиясын кымбаттатып жатышканы бир жагынан туура. Анткени баары кымбаттады. Бирок энергетика тармагы абдан коррупциялашкан тармак экенин да эсибизден чыгарбашыбыз керек. Мурдагы бийликтердин тушунда Токтогул, Камбар-Ата, Таш-Көмүр, Күрпсай, Шамалдысай деген ири ГЭСтердин баарын ремонт кыла беришип, миллиарддаган каражаттарды жок кылышкан. ГЭСтерди  оңдоп-түзөдүк деген каражатка 4-5 жаңы ГЭС куруп коюшса болмок. Тилекке каршы, мурдагы министрлер ремонт деген шылтоо менен акча жегенден өйдө болушкан эмес. 

Мен Садыр Жапаровдун саясатын колдойм. Бирок эски иш болсо да мурунку энергетиктердин ишин тергеп, эсепсиз каражаттардын учун табышыбыз керек. Тагыраагы, энергетика тармагында  министр болгон 5-6 министрди эле бутунан илгичке илсе, чөнтөктөрүнөн миллиарддаган каражаттар чууруп чыгат. Ошон үчүн мурунку министрлердин да ишин тескеш керек. Себеби, ошондой жеп-ичкичтердин айынан электр тармагы аянычтуу абалга келип, тетиктеринин эскилиги жетти. Азыркы бийлик ошон үчүн электр энергетикасын  аргасыз кымбаттатып жатат.