Печать
Категория: Коом
Просмотров: 249

Жумгал районундагы ички иштер бөлүмүнүн ага тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда, КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 1-бөлүмү ("Алдамчылык") боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган райондун тургуну Ж.Б.А.ны кылмыш жоопкерчилигине тартаарын айтып коркуткан дагы, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып аталган жаранга негизсиз тергөө иш чараларын мыйзамсыз жүргүзгөн. Аны менен бирге күч колдонгон жана психологиялык кысым көрсөткөн. Мунун баарын жеке материалдык кызыкчылыгы үчүн жасаган. 

УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгы бул ишти иликтеп, жаранды улук тергөөчү 2022-жылдын 5-майында кылмыштын башка субъектисине карап чакырганын, ал иш кылмыш курамынын жоктугунан улам ошол эле жылдын 31-майында токтотулганын аныктаган. 

Бул факты боюнча КР УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмү  КР Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинин 1-бөлүгү ("Кызматтык жасалмачылык") жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-бөлүгү жана 2-бөлүгү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча кылмыш ишин козгогон. 

Жыйынтыгында, Нарын шаардык сотунун тергөө судьясынын чечими менен Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн ага тергөөчүсү милициянын улук-лейтенанты Т.Т.Т. ээлеген кызматынан убактылуу четтетилди.

Азыркы учурда КР УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгы тарабынан тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.