Карбамид түрүндөгү минералдык жер семирткичтерди мыйзамсыз ташып бараткан жүк кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда, бул факты УКМКнын Баткен областы боюнча башкармалыгы тарабынан ачыкталган. Аткезчиликти уюштуруу фактыларын аныктоонун жана бөгөт коюунун алкагында, чек ара конуштарынын аймагында кампалар ачылган. Андан 1100 000 сомдон ашык (жалпы салмагы 27,8 тонна 550 каптан ашык) карбамид түрүндөгү мыйзамсыз ташылган минералдык жер семирткичтердин жүгү кармалган.

Аталган факты боюнча 2023-жылдын 14-апрелинде жогорудагы башкармалыктын тергөө бөлүмү тарабынан, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 1-бөлүгү (Экономикалык контрабанда) негизинде кылмыш иши козголгон. 

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.