Печать
Категория: Коом
Просмотров: 3330

Кыргызстанда паранжы жамынган кыз-келиндердин катары көбөйүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шарапаткан Мажитова билдирди. 

Ал Кыргызстан муфтияты бул маселеге көңүл бурушу керектигин белгиледи. 

"Ошто 100 миң сомдук сертификаттарды тапшыруу учурунда ушундай көрүнүшкө туш болдук. Көп аялдар паранжы кийип келишти, көздөрү гана ачык. Ошто мындайлар абдан көп экен. Муфтиятка кайрылам, жоолук салынышсын, бирок чүмкөнүшпөсүн. Бул маселе боюнча тапшырма бериңиздер", - деди депутат.