Печать
Категория: Коом
Просмотров: 143

Мамлекеттик тил боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште экинчи окууда каралды. 

Спикер Нурланбек Шакиев мыйзам долбоорун демилгелеген мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссия өкүлдөрүнө кайрылды: 

"Жооп берип жатканда коркпой эле айткыла. Андай болот, мындай болот дей бербей. Эреже деген бирөө гана болот, эгер андай да, мындай да боло берсе, мыйзамдын эмне кереги бар?!

Экинчиден, каражат маселеси тууралуу. Ачык эле, коркпой каражат талап кылынат дегиле. Тилден акча аябаш керек. Аяп жүрүп ушуга жеттик. Жемкорлук жөнүндө да сөз болуп жатат, "анча-мынча акча берип тесттен өтүп кетип жатышат" деп. Кыргызтесттегилердин айлыгын эки эселеп көтөрүү керек. Бул боюнча маселе коюңуздар, карап берели, өкмөткө тапшырма берели. Бул кызматкерлердин жемкорлукка, майда-барат акчага азгырылбай, акыйкат, адилет болушун камсыздайт", - деди Шакиев. 

Ал ошондой эле мыйзам долбооруна добуш берүү учуру келгенде кетип калган депутаттарга кайрылды: 

"Мамлекеттик тил жөнүндө калп эле күйүмүш болуп, жалындуу сөздөрдү сүйлөп туруп, добуш берүүгө келгенде кетип калуу жакшы эмес. Эл көрсүн үчүн, пиар максатын аткарып алгандан кийин кетип калбай, добуш бериңиздер", - деди. 

Мыйзам долбоору добушка коюлуп, 79 депутаттын макулдугу менен экинчи окууда кабыл алынды.