Печать
Категория: Коом
Просмотров: 71

Бишкектин Биринчи май райондук соту 18-апрелде журналист Семетей Талас уулун экстремисттик материалдарды жайылтууга күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, судья журналистти жазаны аткаруудан бошотуп, бир жылдык мөөнөттө пробациялык жаза өтөсүн деген чечим чыгарды.

Семетей Талас уулу өзү чечимге байланыштуу жогорку инстанцияга даттанар-даттанбасын адвокаттар менен кеңешкенден кийин чечерин маалымдады. Ал буга чейин сотто 2021-жылы Фейсбуктагы баракчасынан Ооганстан тууралуу материалды байкабай бөлүшүп койгону үчүн күнөөлөп жатышканын айтып, бул үчүн кечирим сураган.

Семетей Талас уулун милиция 1-ноябрда кармап кеткен жана сурактан кийин аны 48 саатка камаган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту журналисттин бөгөт чарасын карап, үй камагына чыгарган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналистке Кылмыш-жаза кодексинин 322-беренесинин 1-бөлүгү (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен кылмыш иши козголгонун жана бул факт Улуттук коопсуздук комитетинде катталганын билдирген. Милиция комплекстүү соттук-лингвистикалык экспертиза ал "Кыргызстанда тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюмуна таандык маалымат камтылган материалды бөлүшкөн" деген корутунду чыгарганын айткан.