КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы Эл аралык террористтик уюмдарга каршы күрөшүү боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүздү. Жыйынтыгында, 17-апрелде Өзбекстан Республикасынын аймагында издөөдө жүргөн, “Тавхид ва жихад катибаси” террордук уюмунун Стамбулдагы ячейкасына тиешеси бар өзбекстандыктар М.З. жана М.Ф. кармалды.
Аталган жарандар башка кооптуу өлкөлөргө чыгып кетүү үчүн жасалма документтерди алуу максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүшкөн. Бул факты боюнча Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси («Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз өтүү») боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, М.З. Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат