Кадамжай районунда жер мыйзамдарын одоно бузуулар аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы Кадамжай райондук прокуратурасы менен биргеликте тиешелүү текшерүү иш-чараларынын жүргүзгөн. Жыйынтыгында 16 ишмердик жүргүзүүчү субъекттер тарабынан жер мыйзамдарын одоно бузуу менен Кадамжайдагы “Анкурсай” сел жүрүп кетчү кооптуу жерге соода объектилерин өзүм билемдик менен курган фактылары аныкталды.
Бул факты боюнча 2023-жылдын 14-апрелинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 214-беренесинин 1-бөлүмү (Өзүм билемдик) менен кылмыш иши козголгон.
Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.