Печать
Категория: Коом
Просмотров: 86

- Май айынан баштап, электр энергиясынын тарифи жогорулап,  23 тыйынга кымбаттары айтылууда.  Энергетиктер  тетиктердин эскилиги жеткенин айтып,  тарифти көтөрүү аргасыз кадам экенин түшүндүрүп жатышат. Эл муну туура кабыл алабы?

- Ар кандай экономикалык жагдайдын өз себеби болот. Бул аскисомага, албетте, энергетика тармагы дагы баш ийет. Акыркы 20 жылдар ичи электрдин баасына болгон тарифтик көтөрүүлөр коомчулукту козутуп келгенин билебиз. 2010-жылдагы төңкөрүштүн бирден-бир себеби дагы ушул болгон. Эми мына, май айынан баштап электр тарифин көтөрүү эң жогорку бийлик инстанцияларында айтыла баштады! Абдан кылдат маселе болгондуктан, Министрлер Кабинети муну "жети өлчөп бир кескендир". Ансыз деле салык боюнча сезилээрлик жүктү көтөрө баштаган карапайым калк "дүрт" этип от алып кетпесин! Дагы бир оор жаңжалдын бизге кереги жок. Азыр абдан биримдикте болуубуз абзел!