Печать
Категория: Коом
Просмотров: 161

Сокулук РИИБнин тергөө кызматынын тергөөчүсү пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда,  Сокулук РИИБнин тергөө кызматынын тергөөчүсү милициянын улук лейтенанты Д.К.Д. алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин токтотуп берем деген убада менен М.Д.О. аттуу жарандан 5 миң доллар талап кылган. Жыйынтыгында, сураган акчанын 100 миң сомун алып жаткан маалда колго түшкөн. 

Бул факты боюнча КР УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси («Опузалап пара алуу») менен кылмыш иши козголду.

Азыркы учурда бул факты боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.