Печать
Категория: Коом
Просмотров: 104

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун айрым тургундары күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз сатуу аракеттерин улантууда. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Анда айтылгандай, УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун Ысык-Ата районунун айрым тургундары күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз сатуу улантылып жатканы аныкталган.

16-апрелде Ысык-Ата районунун Хун-Чи айылында жүргүзүлгөн ыкчам иштердин алкагында 4 тонна солярка сатып жаткан жеринен кыргызстандык У.И.С кармалды. Ага кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бузгандыгы үчүн 17500 сом айып салынды. Мындан тышкары, ошондой эле КР укук бузуулар жөнүндө кодексинин 316-беренесинин (Товарларды, анын ичинде мунай заттарын жүгүртүү тартибин бузуу) алкагында 12 500 сом айып тагылды.

"Мамлекеттик салык кызматы башкармалыгынын инспекторлору келтирилген материалдык чыгымды иликтеп, аныкталган зыянды мамлекеттин пайдасына толтуруу үчүн чогултулган материалдарды Ысык-Ата районунун сот органдарына өткөрүп берүү маселесин кароодо. 

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат", - деп айтылат билдирүүдө.