Токмоктун мэри Урмат Самаев коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, мэрдин «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга тиешеси бар экендиги аныкталды. Токмок шаарындагы жеке үйлөрдүн борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошулуу фактысы боюнча, андан түшкөн каражаттын бир бөлүгү ага берилип турган.
Бул боюнча ушул жылдын 17-апрелинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Урмат Самаев учурда КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.