Печать
Категория: Коом
Просмотров: 112

Президенттин «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнө ылайык, Ош облусунун ички иштер башкармалыгында көрктөндүрүү иш-чарасы улантылууда. Бүгүн аталган башкармалыктын ардагерлери көчөттөрдү отургузушту. 

"17-апрель күнү ИИМдин отставкадагы генерал-майору Расул Раимбердиев баштаган ардагерлер, Ооган согушунун ардагерлери жана өздүк курам башкармалыктын имаратына ден соолукка пайдалуу, шаарга өзгөчө көрк берүүчү ийне жалбырактуу карагай көчөттөрүн отургузушту.

Жаратылышты коргоо, ага аяр мамиле жасоо-адамзаттын адеп-ахлагынын жогорку деңгээлинин белгиси. Бак-дарак адамзаттын турмуш-тиричилик өткөргөн айлана чөйрөсү менен тыгыз байланышкан.

Катышуучулар бул иш-чара ыйык рамазан айына туш келгенин белгилешип, бардык каалоо-тилектер орундалашына үмүт артып, жаңыдан отургузулган карагай көчөттөрү да жакшылыктын жышааны, тынчтыктын, өсүп - өнүгүүнүн белгиси катары калыптанышын ниет кылышып, бата тартышты.

Соңунда коноктор башкармалыктын өздүк курамына жакшы каалоо- тилектерин айтышты", - деп жазды соцтармактарда Дөөлөтбек Абдыкалыков.