Печать
Категория: Коом
Просмотров: 87

Кыргызстанда Орозо айт качан белгиленери белгилүү болду. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 21-апрель, жума күнү Орозо Айт майрамы белгиленет. 

Ислам шариятында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат.

Эскертүү: Жогорудагы көрсөтүлгөн күн айдын чыгуусуна карап бир күнгө айырмалануусу мүмкүн.