Печать
Категория: Коом
Просмотров: 110

"Принцесса Дури" менен күрөшүү УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин жеке көзөмөлүнө алынды. Бул тууралуу саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев соцтармактагы баракчасына жазды. 

"Булар эл аралык террористтерден да жаман! Так ушундай наадандар - бүкүлү мамлекеттик бийликке шек таштаган акмактар!

Ур -токмокко алган бандиттерди кармап, жазага тартуу -бул негизги максат! Же алар же мамлекеттик бийлик! Маселе ушул деңгээлде.

Наркотиктерди сатып, таратып жаткан ДУРИ- бул өзүнчө көйгөй! Ал да убакытты жана демилгени талап кылат!

Бирок бүгүнкү күнү ошол ДУРИден кечирим суратып, өлгүчө тепкилеп атканын видео катары соцтармактарга чыгарып жатканы - бул мамлекетке сен ким элең дегендик! Бул мамлекет эмес, мен чечем деген көпкөндүк! Бул укук коргоо органдары эч нерсе чечпейт, биз чечебиз деген чакырык! Бул мамлекетке, бийликке болгон согуш! Бул кимди ким жеңет экен дагы көрө жатаарбыз деген кемчонтойлук!

Мен терең ишенем: мамлекет жеңет! Биздин укук коргоо органдары үчүн мындан артык эч бир сынак жок! Бандиттерди кынына киргизиш керек, аларды аёоосуз жайлаш керек. Булар уюшкан, эч нерсеге көңүл бурбаган, өзүн "кудай" сезген бандиттер! Бандиттерге бандиттик гана мамиле жарашат. Эч ырайым болбош керек! Эч аёо болбош керек!

Менимче,  баары бир тең, ушул шүмшүктөр өзгөчө. Аларды жок кылууда, алар менен күрөшүүдө бүт жарандар бирге болушубуз керек!"