КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Ош областынын аймагында “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун жетекчилеринин диверсиялык иш-аракеттерине бөгөт коюлду. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Маалыматка караганда, “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун жетекчилеринин жашаган жерлеринде жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө диний адабияттар, брошюралар (“Хизбут-Тахрир” ДЭУ тарабынан чыгарылган), СД дисктери (10 даана), флеш- карта, планшеттер (2 даана), телефон аппараттары (5 даана) табылып алынды. Алар диний экспертизага жөнөтүлөт. Анын жыйынтыгы боюнча айыптоо чаралары каралат.
Учурда “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун мүчөлөрүнүн жана тарапташтарынын мыйзамсыз иш-аракеттерин аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларынын комплекси улантылууда.