Печать
Категория: Коом
Просмотров: 115

Кыргыз Республикасынын УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды жана акча каражаттарын мыйзамсыз алып өтүү каналдарына каршы күрөшүү иш чарасын жүргүзүштү.

Жыйынтыгында, УКМК тараткан маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары А.М.И. жана А.у.А. “Достук-унаа жол” көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу 75 000 долларды тиешелүү документтерди жана бажы декларациясын толтурбастан чыгарып кетүүгө аракет кылган жеринен кармалышты.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы №7 “Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна ылайык республиканын бюджетине 568 230 сом (б.а. белгиленген лимиттен ашкан сумманын 10%) кайтарылды.