Печать
Категория: Коом
Просмотров: 154

Кыргызстанда балдар үчүн сактык эсептерди ачып, алар бой жеткенге чейин акча топтоо сунушталууда.

“Кыргызстандын мамлекеттик жөлөкпулдары тууралуу” Мыйзамына өзгөртүү киргизүү Жогорку Кеңеште биринчи окуудан өттү.

Мыйзам долбоорун демилгелеген депутат Марлен Маматалиевдун сунушу боюнча, баланын сактык эсебин алгач жылына 3 миң сомдон толуктап туруу керек. Аны менен катар баланын ата-энеси каалагандай сумманы кошумча салып турса дагы болот. Ал эми ата-энесиз өсүп жаткан балдарга жана балдар үйүнүн тарбиялануучуларына жылына 10 миң сомдон топтоо зарыл.

Мыйзам долбоорун экинчи окууга алып чыгуунун алдында Министрлер Кабинети тарабынан жөлөкпулдун көлөмүн аныктоо үчүн жумушчу комиссия түзүлдү. Ошондуктан алдыда жогоруда айтылган сумма өзгөрүшү мүмкүн. Комиссиянын курамына Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, социалдык өнүктүрүү министри, каржы министри ж.б.лар киришкени маалым болду.

Эми жумушчу топ бир топ оптималдуу сумманы аныкташы керек, ал республикалык бюджетке чоң күч келтирбегендей жана ошол эле учурда бала эрезеге жеткенге чейин олуттуу каражат топтолуп калууга тийиш.

Сактык эсептеги каражатка бала 18 жашка чыккандан кийин Мамлекеттик ипотекалык компания программасы боюнча турак жай ала алат же жогорку окуу жайларында билим алууга коротот.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, 2020-жылы өлкөдө 94 миң 350 жаран эрезеге жеткен. Ал эми 2021-жылы 98 миң 394, 2022-жылы 102 миң 851 жаран чоң турмушка кадам таштаган. Жумушчу комиссия аталган комитеттин ушундай маалыматтарына таянып бир жыйынтыкка келээри айтылууда.

“Кыргызстанда жаштардын басымдуу бөлүгү 18 жашында орто мектепти аяктайт жана өз алдынча жашоого аралашат. Бул алар үчүн маанилүү этап, анткени туура жолго түшүү, жөндөмүн өстүрүү жана кесиптин ээси болуу сыяктуу бүткүл өмүрүнө таасирин берүүчү тандоого туш келишет. Бирок 62,2 пайыз жаштар гана билим алуусун улантышат, бул демек, калган 37,8 пайызы эч кандай кесипке ээ болбойт дегенди билдирет. Билим алуунун ордуна алар ар кандай жайларда жалданып иштешет, анткени үй-бүлөсүнүн кирешеси төмөн. Мындай абалда билим алууну улантуу тууралуу ой да болбойт”, - дейт Марлен Маматалиев.

Депутаттын айтымында, бала жана аны камкордукка алган тарап (ата-энеси, туугандары ж.б.) эрезеге жеткенге чейин сактык эсебиндеги акчаны алууга укуксуз болот.

Мыйзам долбоору парламенттин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде каралган учурда, андагы депутаттардын жалпы колдоосуна ээ болду. Эл өкүлдөрү эгер долбоор кабыл алынып, иштеп баштаса, бул жаштарга жеке потенциалын калыптандырууга, билим деңгээлин жогорулатууга жана өзүнүн социалдык муктаждыктарын камсыздоого мүмкүнчүлүк берээрин белгилешти.