Печать
Категория: Коом
Просмотров: 126

12-апрелде Кызыл-Кыя шаарында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 314-беренеси (Экстремисттик уюм түзүү) боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун жашыруун ячейкасынын 4 жетекчиси кармалды.

Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда, кармалгандар конспирациялык негизде экстремисттик идеологияны жайылтуу максатында диний сабактарды өткөрүп, ДЭУнун мүчөлөрүнүн «чогулуштарын» ай сайын аталган иштерди уюштуруп келишкен. 

Аталган адамдардын жашаган жеринен тинтүү иштеринин натыйжасында көп сандагы экстремисттик адабияттар жана тиешелүү материалдар сакталышы мүмкүн болгон электрондук приборлор табылып алынган.

Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.