Печать
Категория: Коом
Просмотров: 122

Ош облусунун 2 тургуну «ХТИ» диний-экстремисттик уюмунун (ДЭУ) жана «ИМ» эл аралык террористтик уюмунун (ЭТУ) экстремисттик идеологиясынан баш тартышты. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда, учурда УКМК тарабынан аталган уюмдардын мүчөлөрүн радикалдык-экстремисттик идеологиядан баш тартуу боюнча профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүдө.

Анын негизинде, 12-апрелде А.Р.А. аттуу жарандын «ХТИ» диний- экстремисттик уюмунун (ДЭУ) жана М.Ф.Х. аттуу жарандын эл аралык террористтик уюмунун (ЭТУ) идеологиясынан баш тартуусуна чейин алар менен түшүндүрүү жана профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Бул иш-чаралардын жүрүшүндө аталган адамдар «ХТИ» ДЭУ жана «ИГ» ЭТУнун радикалдуу-экстремисттик идеологиясынын зыяндуулугун толук түшүнүп, тыюу салынган уюмдарга мындан ары мүчө болуудан өз ыктыяры менен баш тартышты.