Баткен жана Лейлек райондорунун акимдери аймакты өнүктүрүү үчүн мамлекеттен берилген акчаны өздөштүрө алышпагандыктан кайра мамлекетке кайтарышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Улукбек Ормонов билдирди.
"Өткөн жылдын август айында Баткенге 500 миллион сом бөлүнгөн. Лейлек районунун акимиаты анын 40 миллионун гана иштетишти, калганы бюджетке кайтарылды. Баткен районунун акими дагы бир канча убакыттан кийин акчаны кайтарды. Бул деген жоопкерчиликсиздик. Бул акимдерге карата чара көрүү керек, биз бардык каражатты Баткенге багыттап жатабыз, а алар болсо өздөштүрө албай жатышат.
А министрлерден долбоорлордун ишке ашырылуусу тууралуу сураганыбызда эмне болуп жатканын билишпейт, каражаттын баары Баткенге кетип жатат дешет. Баткенде болсо акчаны эмне жумшаарын билбей отурушат", - деди депутат.
Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Ормоновдун айтканын тастыктады. Айтымында, акча кеч бөлүнүп калган. Бул жылы ал каражат кайрадан берилет.