Печать
Категория: Коом
Просмотров: 75

Бүгүн, 12-апрелде Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча беш айдан ашуун камакта жаткан саясатчы, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын бөгөт чарасы каралып, ал үй камагына чыкты.

"Үй камагынын өзгөчө шарттары бар. Баарынын өз убактысы келет деп ойлойм. Менимче, азыр кандайдыр бир комментарий бербей турайын. Тергөө иштери уланууда", - деди Сооронкулова журналисттерге.

27-мартта №1 тергөө абагында жаткан саясатчы Клара Сооронкулованын өпкөсү кагынып, саламаттыгы начарлап кеткенин анын адвокаты Чынара Жакупбекова  билдирип, үй камагына чыгарууну суранып жатканын маалымдаган.

Буга чейин Кемпир-Абад иши боюнча абакта отурган Орозайым Нарматова, Перизат Суранова, Нурлан Асанбеков, Талантбек Эшалиев үй камагына чыккан.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына каршы пикирин ачык билдирип чыккан 30га жакын адам 2022-жылдын 23-октябрында кармалган.