Кыргызстан боюнча 3-апрелден 10-апрелге чейин СOVID-19 инфекциясынын 17 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.
Маалыматка караганда, алардын ичинен 10 бейтап ооруканага жаткырылган.
2023-жылдын 3-апрелинен 10-апрелге чейин тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада.
Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат.
2022-жылга жана 2023-жылдын 101 күнүнө карата жалпысынан COVID-19 инфекциясынын 22 101 учуру катталды, анын ичинен 20 090 (91%) учур лабораториялык тастыкталган, ал эми 2011и (9%) учуру клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.