- Меңди эже, президенттин күтүлбөгөн жерден ооруканаларга барганы ак халатчандардын жоопкерчилигин күчөтөбү?
- Президенттин бул кадамы Искак Раззаковдун керзи өтүк кийип алып, кыштын кычыраган кезинде Арпа, Аксайдагы малчылардын абалын өз көзү менен коруп, эмнеге муктаждыгын билип, жардам жиберген окуясын эске салды. Мамлекеттин келечеги болгон балдардын онкологиялык ооруканасына барып, дары- дармектердин бар, жогун өз көзү менен көрүп, акысыз дарылоону буйруганы - чоң жаңылык. Албетте, бул ар бир медицина кызматкерлерине жоопкерчиликти сезүүгө жол ачар. Мамлекетибиз күндөн күнгө өнүгүү жолуна түшүүдө. Келечекте бүтүндөй медициналык тейлөө акысыз болобу деген үмүт пайда болууда.
Маселен, мен өткөн түнү кан басымым көтөрүлүп, тез келет деп, жеке "Тез жардамга" кайрылдык. Кан басымды түшүрүп, "Магнезия" сайды. Таблетка берди. Бир сааттай карап отурушту. 2200 сом акысын алып кетишти. Рахмат. Аны төлөй албагандар да бар да. Болгон пенсиясын берип коюп, бир ай кандай күн көрүшөт? Президент жогорудагыдай визитти тез- тез жасап турса, убактысы жетишип, медицинадагы коррупция такыр жок болбосо да, азаймак. Президенттин бул жаңы башталышын жүз пайыз колдойм жана жаңы кадамдарын күтөм!