Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1394

- Президент Кытайга иш сапар менен барат дегенден бери Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу маселеси кайра жанданды. Бул жол курулса,  биз туңгуюк мамлекеттен чыгып, транзиттик мамлекетке айланабызбы?

- Бул долбоор сиз белгилеп кеткендей, биздин өлкө үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Азыркы учурдагы жол инфраструктурасы жагындагы туңгуюктан алып чыгып, биздин экономикабыздын өсүп - өнүгүшүнө абдан жакшы салым болот. Бизде азыр эл аралык рынокко чыга турчу бир гана жол бар. Ал Казакстан аркылуу өтөт. Тилекке каршы, ал өлкө дагы бир гана өзүнүн кызыкчылыгы үчүн биздин жүктөрдүн өтүшүнө тоскоол жаратууда. Ушундай оор кырдаалда жаңы жолдордун курулушу жашоого тете маанилүү. Буйруса бул проект ишке ашып, өлкөбүздүн өнүгүшүнө өбөлгө болот деп айта алам.