Печать
Категория: Коом
Просмотров: 676

- Эмилбек Мырзакулович, эски прокуратуранын жерин арендага бердик дегениңерге карабай сатып жиберди деген имиштер арбын айтылып жатат го?

- Күйүп кеткен эски прокуратуранын жерин сатып жиберген жокпуз, 5 жылга арендага бердик. Тагыраагы, ошол имарат курулуп бүткөндөн кийин 10 пайызын мамлекетке өткөрүп берет деген шарт менен арендага берилди. Буюрса, ал жерге бийик эки мунаралуу, 29 кабаттуу имарат курулат. 5 этаж унаа токтоочу жай, жер төлөдө паркинг болот деп пландалып, иштин баары мыйзамдуу жүрүп жатат. 

Күйүп кеткен прокуратуранын ордуна курула турган эки мунара 150 миллион доллар  корой турган объект экен. Мунара курам дегендерге Акылбек Үсөнбеков баш болуп, "алгач банктык  кепилдигиңди жана акчаңды көрсөт" деп жатабыз. Ошондой эле "үч жылда куруп бүт" деген келишим түзөбүз. Эгер мунаралардын курулушу үч жылдан ашык убакытка созула  турган болсо, мамлекетке төлөм төлөйт. Мындай эрежени бир эле мунара салгандарга эмес, бардык курулуштарга киргизебиз. Себеби, курушту  баштап коюп, 10 жылдап шаардын көркүн бузуп бүткөрбөй жүрө бергендер бар. Ошон үчүн  курулуштардын нормативдик мөөнөтүнө өзгөртүү киргизип, ар бир объектинин көлөмүнө жараша убакыт берели деп жатабыз.  Буюрса, Бишкек шаарында узак убакытка курулуш куруу токтойт. Биринчиден, эл да белгиленген мөөнөттө сатып алган үйүнө кирет. Экинчиден, курулуш компаниялары үйлөрдү бир канча жылдап салбай, тез бүткөрүп калышат. Антпесек, курулуш компанияларынын көбү бир  жерден котлован казып, мынча жылда бүтөт деп үйлөрдү сатып, ал каражатты башка объектке салып, жыйынтыгында  биринчи котлован казылган жери  да, кийинкиси да бүтпөй курулуш узак убакытка созулуп жатат.

Мындан ары 9-12 кабат үйлөрдү бир жыл сегиз айда бүтпөсө, курулуш компаниялар көрсөтүлгөн мөөнөттө куруп бүтпөгөнү үчүн мамлекетке төлөм төлөйт. Ошондой эле үйгө акча салып, жылдап алалбай жүргөн көрүнүш да токтойт.