Печать
Категория: Коом
Просмотров: 105

Төрөхан Жунусбеков үч мамлекеттин ортосундагы ири долбоор тууралуу пикирин билдирди. 

- Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулса,  биз "туңгуюк" мамлекеттен чыгып, транзиттик мамлекетке айланабыз. Анткени, ошол транзиттин өзүнөн эле 1 млрд доллар акча табаарыбыз айдан ачык эле эсептелип чыгып жатат. Бул долбоорду Кытай акыркы 20 жылдан бери сунуштап келе жатат, болгону мурунку мамлекет жетекчилерибиз Орусиянын президенти Владимир Путинден коркушуп ушундай өлкөбүзгө өтө пайдалуу долбоорду колдой албай, ар кандай шылтоолор менен кечиктирип келишкен. Ал эми Садыр Жапаров мамлекеттин кызыкчылыгын өйдө коюп, бул маселеге өжөрлүк менен киришип, Путинге да  бул темир жол куруу зарылдыгын түшүндүргөн. Негизи эле президенттин ушундай ири долбоорлорду ишке ашыралы дегени  жалпы кыргыз элин кубандырат.