Печать
Категория: Коом
Просмотров: 66

Ноокатта аз камсыз болгон 327 үй-бүлө жеке ишкердик баштоого мүмкүнчүлүк алды. Бул тууралуу Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Ноокат районунда аз камсыз болгон 327 жаранга 100 миң сомдук сертификаттарды тапшырылды.

Бул аракеттер президент Садыр Жапаровдун жарлыгын аткаруу максатында райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан "Социалдык контракт" долбоорунун алкагында ишке ашырылды.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Нилуфар Алимжанова, Ноокат райндук мамлекеттик админстрациясынын башчысы Данияр Иманалиев катышты.