Печать
Категория: Коом
Просмотров: 102

"Коррупцияга каршы элдик кызмат" коомдук бирикмесинин төрагасы 100 миң сом алып жатканда  кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. 

Маалыматка караганда, кармалган адам башкалардын ишенимине кирип Октябрь райондук ИИБдин өндүрүшүндө турган кылмыш иши боюнча ар кандай маселелерди чечип берем деген шылтоо менен Бишкек шаарынын тургунунан акча сураган.

Ага чейин 200 миң сом алып, дагы 4 миң доллар сураганы да белгилүү болгон. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.