Камчыбек Ташиев турмуштук кырдаалдан улам Кыргызстандын жарандыгын ала албай жүргөн 33 жаштагы Чернышов Максим аттуу жаранды кабыл алды.
УКМК билдиргендей, жолугушуу бүгүн, 6-апрелде УКМКнын конок үйүндө болду.
Чернышев Максим 33 жашка чыкканына карабай үй-бүлөлүк шартына, жашоодогу кыйынчылыктарга байланыштуу убагында өздүгүн тастыктаган документ ала алган эмес.
Ал ушул жылдын 16-мартында УКМКнын төрагасына соцтармактан видео-кайрылуу жасап, улуттук паспорт алууга көмөк көрсөтүүсүн суранган.
1990-жылы Чернышовду биологиялык ата-энеси Октябрь райондук балдарды кабыл алуу борборуна таштап кеткен. Ал жерден 3 күндөн кийин аны Чернышов Алексей Максимович (1994-ж. каза болгон) жана Чернышова Татьяна Васильевна (2020-жылы каза болгон) багып алышкан.
Максим Чернышов калкты тейлөө органдарына бир нече жолу кайрылганын, бирок өздүгүн тастыктаган документтерди алуу аракеттеринен майнап чыкпаганын айткан. Себеби ата-энесинин жана Кыргыз Республикасынын паспортун берүүгө негиз болгон документтердин түп нускасы жок.