Печать
Категория: Коом
Просмотров: 396

Бишкектеги "Октябрь" кинотеатрынын жетекчиси Ырыс Жоомартова президентке кайрылды. Анда маданият министрине болгон нааразычылыгы айтылган. 

"1 жыл 4 ай мурда аталган кинотеатрга өзүн-өзү каржылоо менен (Кино департаментинин жетекчиси Мукталы Абдыбековичдин буйругу менен) директор болуп дайындалгам. Ошондогу кинотеатрдын акыбалын айтууга сөз жетпейт. Эскилиги жеткен чатырынан суу куюлуп, ичинде да, сыртында да ремонт болгон эмес, жылытуу системи чирип калган, кино койгонго аппаратулар жок бюолчу. Мукталы Абдыбекович: "Көптөн бери иштебей, эл келбей, ремонту жок, ижарачылар алмашып, эч ким алгысы жок, сен оңдо, иштет, киного салымыңды кош. Иштетип кетсең 3-5 жылга чейин ижарага алсаң болот деген. Мен ойлонуп макулдугумду берип, чоң суммадагы насыя алып, ондоо иштерин баштадык. Ремонт болуп жатканда да кинотеатрды жаап койбой, кичинекей залга 1-2 кишиге кино коюп, жаш режиссёрлорубузду колдоп, кинолорун көрсөтүп жаттык.

Балээнин баары жаркыратып жасап койгондон кийин башталды. Азыркы маданият министри Алтынбек Максутов: "Арендага берилбейт, Акылбек Жапаров Чүй драма театрына берсин деп жатат, мен буйрук даярдап жатам деди". Бул Кыргыз кинематографиясын колдоо жөнүндө мыйзамына туура келбейт.

"Октябрь" кинотеатрын ай сайын каржылап туруу үчүн (жылуулук, электр жарыгы, суу, интернет, сигнализация жана башка чыгымдар) 150 000 сомдун тегерегинде акча сарпталарын айтат.

Кинотеатрды кайра драма театр кылуу үчүн миллиарддаган акчалар керек. Бийликтегилерге, президентибиз Садыр Нуркожоевичке кайрылып, "Октябрь" кинотеатрын кинотеатр боюнча калтырып, жаш режиссёрлорубуздун тарткан кинолорун көрсөтүп, кинотеатрды толук оңдоп-түзөө иштерине жол ачып берүүңүздөрдү суранабыз. Бир жылдын ичинде бутпой калган ремонт иштерин бүтүрүп, толук кандуу ишке киргизүүгө сөз берем, мага короткон каражатымдын кайтарып алуу эмес, тескерисинче режиссёрлорду колдоо маанилүү.

Кинотеатрды алып коюп, мен алган чоң суммадагы насыяны министр төлөп береби?", - деди Ырыс Жоомартова.