Печать
Категория: Коом
Просмотров: 246

Тээ Акаевдин кезинде Мүлк фондусун жетектеп, кызмат абалынан кыянаттык  менен пайдаланып, ондогон мамлекеттик мүлктөрдү прихватташтырып, итбекер сатып, капчыгын калыңдаткан Равшан Жээнбековдун сайраган тили эле болбосо, эл үчүн кылган иши жок. Коррупцияга белчесинен малынганы аз келгенсип, төңкөрүш жолу менен бийликке келүүгө аракеттерди көп эле кылды. Андай аракеттери үчүн Батыштан каражат да алып турду. Кемпир-Абадды бетке кармап, бийликти кулатуу да анын башкы максаттарынан эле. Кемпир-Абаддын шылтоосу менен бийликти кулатуу үчүн сырттан аз эмес каражат алганы айтылып, жазылды. Элге, өлкөгө каршы иш-аракеттери толтура болсо да, өзүн «аппак карга» көрсөткөндөн чарчабай келет. Анын айткандарын тыңдап отурсаң, Кыргызстанда андан өткөн таза адам, адекваттуу саясатчы жок болуп чыгат. Бирок эл кимдин ким экенин билип калбадыбы…

Учурда абакта жаткан  Равшан мырза маалыматты өзүнүн кызыкчылыгында бурмалоо аркылуу элдин башын айландырып, маалыматтык манипуляция жасаганга өттү. «Менин иш-аракетимден эч нерсе табышпай, Фейсбуктагы постуман кылмыштын белгилерин тапканы жатышат. Мен анда президенттин ар-намысына шек келтирипмин» деп, Кемпир-Абад иши боюнча өзүн таптакыр күнөөсү жоктой  актап ийиптир. Бул ачыктан ачык манипуляциялоо аракети. Соцтармактагы посту негизги кылмыш иштерине кошумча катары тиркелгени эле болбосо, Кылмыш кодексинин 278-беренеси менен козголгон кылмыш иши жокко чыгыралган жери жок. Мында ал ачыктан ачык эле элдин башын айландырып, саясий упай топтоону көздөп жатканын байкоого болот. 

Равшан мырзанын элге, өлкөгө каршы багытталган кылмыштык аракеттеринин баарын тизмектеп олтурса, анын сот иштеринен башы чыкпай калат. Өзүнүн жеке кызыкчылыктары, саясий дымагы үчүн элдин тынчтыгын, өлкөнүн туруктуулугун уруп ойнобой турган адам экенин көп эле жолу көрсөттү. «Ууру тойгончо жеп өлгөнчө карганат» демекчи, Равшан Бабырбекович да актанып, карганып жаткан кези.  Бирок эл билет анын ким экенин.