Окуучуларды электрондук тамеки жана ар кандай "дуру-муру" менен жок кылганы калышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов билдирди.
Ал ИИМ менен Билим берүү жана илим министрлиги интернетке дүң болгондо гана карабай, алдын ала бул боюнча иштерди жүргүзүшү керектигин белгиледи.
Депутат Таалайбек Масабиров дагы TikTok социалдык тармагы аркылуу дагы окуучулар зыяндуу заттар тууралуу маалымат алып жатканын айтты.
"Мектептин жанынан өтүп баратсаң, 4-5- класстын окуучулары стик тууралуу сүйлөшүп жатышканын угасың. Алар баңгизаттар, электрондук тамеки, суусундуктар тууралуу Telegram-канал аркылуу кабардар болуп жатышат. TikTokтун да жакшы жагы менен катар жаман дагы бар. Санариптик өнүктүрүү министрлиги негативдүү маалыматтарга бөгөт коюшу керек", - деди депутат.