Печать
Категория: Коом
Просмотров: 191

Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнын тергөө кызматынын тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда, КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү ("Опузалап пара алуу") боюнча кылмыш иши козголгон. Анын алкагында укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу үчүн УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы КР ИИМ Ички иликтөө кызматы менен биргеликте иш аракеттерди жүргүзгөн. 

Жыйынтыгында, 3-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү милициянын лейтенанты Ж.А.Т. кармалды. Ал кыргызстандык жарандан сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 20 миң сом талап кылган жана акча банк картасына которулган учурда колго түшкөн.