Кыргыз Республикасынын УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы жана КР УКМКнын чек ара кызматы КР Мамлекеттик салык кызматынын тиешелүү түзүмү менен бирдикте ыкчам-издөө иш чараларын жүргүзүштү.
Жыйынтыгында, Кыргызстанга милдеттүү салыктык чегерүүлөрдү төлөбөстөн товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлду.
УКМК тараткан маалыматка караганда, 30-мартта “Чоң-Капка- унаа жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунан М.Э.Х. аттуу КР жаранынын башкаруусундагы “ДАФ” үлгүсүндөгү 06KG411ADM мамлекеттик номерлүү оор жүк ташуучу унаа 06KG550PB мам.номерлүү чиркегичи (прицеп) менен кармалган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө унаанын ичинен тиешелүү документтери жок, баасы 7 миллион 500 миң сомдон ашык салык салынууга тийиш болгон товардык-материалдык баалуулуктар табылган.
Азыркы учурда бул мыйзамсыз аракеттин шериктерин аныктоо жана милдеттүү салыктык чегерүүлөрдү төлөбөй коюудан чыккан зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.