Печать
Категория: Коом
Просмотров: 93

Экс-депутат Өмүрбек Абдырахманов "Азаттык" тууралуу пикирин соцтармактагы баракчасына жарыялады:

- Кечээ кечке маал Бишкектен Кеминге келе жатып 98.10 FMден дүйнөлүк жаңылыктарды орус тилинде угуп келатсам, "Азаттык" сүйлөп калды…

"Азаттыктын" Бурулкан деген журналисти Сталиндик репрессиялар жөнүндө 25 минуталык баян уюштуруптур. Аны келгиче 2 жолу кайталап беришти…

Бул журналисттин жана интервью берген илимпоздун айтуусунда Сталиндин репрессияларга күнөөсү жок экен. Сталин жер-жерлердеги репрессияларды билген эмес экен. Таластагы эле көрө албагандар арыз жазып партиянын 1- секретарын 1950-жылдары соттотуп жиберишиптир… Сталинге кирген Шолохов деген жазуучу репрессиядан аман калган экен. "Азаттыктын" пикиринде Сталин мыкты жана калыс болгон, а репрессияны жер-жерлердеги жаман чиновниктер жасаган…

"Азаттыктын" Уставында бир эле талап бар: «Демократиялык баалуулуктарды пропаганда кылуу».

"Азаттыктын" түшпөс ханышасы Жуматаева Венера жана башка журналисттери Демократиялык баалуулук деген эмне экенин түшүнүшпөйт. Ошон үчүн коммунисттерди макташат. Баскынчы орус армиясынын 23- февраль күнүн майрамдашат…

Кыргызстанда эле 30 миңден ашык кыргыздын мыктыларын камаган жана аттырткан Сталин түзгөн коммунисттик тоталитардык системаны коргошот… Булардын ойунда репрессияны айылдагы эле арызчылар уюштуруптур…

Чоң-Ташта атылган кыргыз элинин мыктылары он миңдеген репрессия болгондордун бир эле эпизоду.

Демократия менен коммунисттик система адамзат коомунун эки башка кошулбас каршы системасы. Советтик идеологиядан башканы билбеген "Азаттыктын" журналисттери Америка эли берген айлыгын да акташпайт. Информация жана журналисттик иликтөөдөн башка демократия үчүн эч нерсе жасашкан жок.

Ушул себептен "Азаттыкты" жаап койсо деле болчудай, булардын оңолоор кейпи жок…