Печать
Категория: Коом
Просмотров: 151

- Мектептерде акча чогулткандарга 20 мин сомго чейин айып салынсын деген Билим берүү жана илим министрлигинин сунушу менен мыйзам долбоору жазылып, коомдук талкууга коюлду. Эгер мыйзам кабыл алынып калса, иштейби же баары бир деле акча чогултуу орун ала  береби?

- Мектептерде акча чогултуу деген маселе качан гана мамлекет дүркүрөп өсүү жолуна түшүп, бардык түйшүктүү маселе чечилип, мектептин ички керектөөлөрүн мамлекет өз көзөмөлүнө алып, чыгымдарды толук төлөп турган кезде өзүнөн өзү жоюлат. Ага чейин маселе курч бойдон кала берет...

Билинбегени менен мектепке майда-чүйдө  көп каражат талап кылынат. Жөнөкөй эле терезедеги  айнек сынса же сантехникалык тетиктер жарактан чыкса, электр лампочкасынын  жана башка майда -барат күнүмдүк керектөө зарыл болгон нерселердин каражатын ким мойнуна алат деген маселе бар. Андыктан кээ бир өз каалоосу менен жардам берем дегендерге уруксат бериш керек! Мечитке зекет төлөгөндөй эле өз эрки менен жардам бергендерге тоскоолдук болбошу абзел...