
Баткен облусунда аммиак селитрасын (карбамид) аткезчилик жол менен экспорттоо боюнча мыйзамсыз иш-аракетке бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, 1-апрелде КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Тажикистандын аймагына аммиак селитрасын (карбамид) аткезчилик жол менен мыйзамсыз алып өтүү иш-аракетине бөгөт коюшту.
Баткен районунун “Маргун-Жаңы-Бак-Арка” айланып өтүүчү унаа жолунда Тажикстан Республикасынын аймагына жалпы салмагы 3,5 тоннага жакын аммиак селитрасы (карбамид) түрүндөгү жүктү алып өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен Баткен шаарынын тургуну, 1987-жылы туулган Т.Н.И. аттуу КР жаранынын башкаруусундагы “Мерседес Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кармалган.
Аталган унаа контрабандалык жүгү менен №2022-Аскердик бөлүгүнүн “Орто-Боз” чек ара заставасынын аймагына коюлду. Бул факты документтештирилип, тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.