Печать
Категория: Коом
Просмотров: 48

Бишкектеги "Ынтымак" сейил багында ачылган "Сөз эркиндиги" аллеясына "Жашыл Мурас" улуттук өнөктүгүнүн алкагында 200 көчөт отургузулду. Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматы уюштурган иш-чарага 100дөн ашуун маалымат каржаттарынын өкүлдөрү катышты.

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайыр Орунбеков иш-чаранын максаты "жалпыга маалымдоо каражаттарынын бардык өкүлдөрүн бир аянтчага топтоп, мамлекеттик жана жеке медианын ортосунда байланыш түзүп, аны чыңдоо" экенин айтты.