- Мектептерде акча чогулткандарга 20 миң сомго чейин айып салынсын деген министрликтин сунушу менен мыйзам долбоору жазылып, коомдук талкууга коюлду. Эгер мыйзам кабыл алынып калса мектепте акча чогултуу токтойбу?
- Элге билим, илим берүүчү министрликтен ушундай сунуш берилгени абдан жакшы. Бирок ушундай сунуш менен кайрылган министрлик мектептердеги муктаждыктарды чечкенди өз мойнуна алышы керек. Тагыраагы, аталган министрлик мектептин ремонтуна, майда- барат керектөөсүнө ылайык каражат бөлүп берип, аны сарамжалдуу пайдаланууну колго алышы шарт. Ошондой эле ремонтко мугалимдер да, окуучулар да тартылууга тыюу салынышы керек. Анткени, ар түрдүү кокустуктардын алдын алуу болуп эсептелет. Мектеп администрациясы ремонтко берилген каражатты сарамжал жумшап, атайын ремонт кылуучу профессионал фирмалар менен иш алып барганы максатка ылайык.
Ал эми ата- энелерден акча чогултууга эч кандай мыйзам жол бербейт. Жол берсе жоопко тартылат. Буга чейин акча чогултууга ата- энелер өздөрү кошумча болгон фактылар болгон. Маселен, айрым ата-энелер начар окуган баласына камкордук көрүүнүн туура эмес жолун тандап, түрдүү жолдор менен мугалимдин көңүлүн алууга аракет кылышат. Бирок бир үйдөн үч, кээде төрт окуучу окуган үй бүлөлөрдө мектепке чогулткан каражат чындап маселе жаратат. Ата-эне ал каражатты табуу маселе болуп, түркүн орду толгус кайгылуу иштер башталат. Ошондуктан эң биринчи окуучулардын ата- энелери мугалимдер менен бирдикте иш алып барбаса, акча жыйноо токтобойт.