Печать
Категория: Коом
Просмотров: 184

Азыраак убакыттан бери соцтармактарда "Saisat.kg" аталыштагы баракча өз ишин жүргүзүп жатат. Ал эми биздин сайт - "Sayasat.kg". Жогорудагы баракчаны биздин сайт менен алмаштыргандар болууда. Аталыштагы бир тамгадан турган айырмачылык көпчүлүк учурда байкалбай калат. Баракчаны түзгөндөрдүн дагы максаты ушул болушу толук мүмкүн.   

Аталган баракча Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиевдин Ноокендин тургундары менен жолугушуусундагы билдирүүсүн бурмалап берген. Аны менен катар депутатты Кыргызстандын кийинки президенти катары көрсөтүп, провокациялык макала жарыялаган. 

Буга байланыштуу, "Sayasat.kg" билдирет: соцтармактагы  "Saisat.kg" баракчасына биздин эч кандай тиешебиз жок. Бул атайын жасалган иш экени белгилүү, чагымчыл маалыматтарды сайттын аталышына окшош баракча аркылуу таратып, коомчулукту бир тамга менен адаштырышууда.