Печать
Категория: Коом
Просмотров: 107

Мамлекет башчысы менен Министрлер Кабинетинин төрагасынын чечимдеринин ишке ашуусу – бул өзүнчө маселе. Бул тууралуу президенттин администрациясынын чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Азамат Осмонов билдирди.

Ал Садыр Жапаров нормативдик – укуктук актылардын сапаттуу аткарылышына өзгөчө көңүл бурат жана мамлекеттик аппарат саат механизминдей иштешин талап кылаарын белгиледи.

“Кызматтык милдетин так аткарбаган аткаминерлер кызматтан бошотулуп же сөгүш жарыяланып жатат. Жетекчиликтин чечимин аткарбоо – бул мамлекеттик башкаруудагы ЧП. Бирок тилекке каршы, жер жерлерде дайыма эле бийликтин борбордук органдарынын чечимин аткарууга үлгүрө беришпейт”, - деди Осмонов.

Ошондуктан ал белгилегендей, президенттин администрациясы министрликтердин рейтинги боюнча мониторинг жүргүзүшөт, кайсы мекеме алдыда, ал эми кайсынысы артта экенин аныкташат. Бирок Осмонов аларды ачык айтуунун кажети жок деп эсептейт.

“Ачык айтпасам деле баары билишет. Аймактар тууралуу айтсам, Чүй облусунда өтө көп маселе бар.

Эгерде мекемелердин жетекчилери кызматтык милдетине шалаакылык менен мамиле жасаса, алар дароо кызматтан бошотулат”, - деди ал.