Печать
Категория: Коом
Просмотров: 172

- Токон Болотбекович, президент чет мамлекетке иш сапар менен барган сайын кымбат учак менен учуп, чоң чыгым болуп жатабыз. Катардагы эле рейс менен учса, акча үнөмдөлмөк деген ойлор айтылат. Эмне президент ажолор үчүн алынган  ТУ-154 учагы менен учпайт?

- Чет мамлекеттерге иш сапары менен барганда биздин президент Ту-154  Кыргыз Республикасынын Президенттинин самолету менен барбастыгынын себептери төмөндөгүдөй:

Биринчиси - бул коопсуздук маселерге тийешелүү. Ту - 154 самолету эл аралык  коопсуздук талаптарга жана стандарттарга жооп бербейт. 

Экинчиси - эл аралык авиация уюмдардын чечимдери боюнча биздин учака чет мамлекеттерге каттоого жана алардын  аэропортторуна конууга тыюу салынышы ыктымал.

Үчүнчүдөн, айрым чет өлкөлүк жарандар эл аралык сотторго Кыргызстанга тиешелүү маселелер боюнча кайрылышкан болсо, бизге тиешелүү учакка арест салып кармап калышы мүмкүн.

Мисалы,  2006-2007 -жылдары Түркиянын бир жеке жараны Бишкектеги  «Ак кеме - Пинара» мейманканасындагы талаш - тартыш боюнча эл аралык сотко кайрылган. Ошол себептен Европа өлкөлөрүнүн  биринде президент учуп барган биздин Ту-154 учагыбызды  камакка алууга аракет болгон. Ушуларды эске алганда, президент чет мамлекетке  башка учак менен барышынын себеби так ушул жагдайлардан улам болсо керек деп ойлойм.  

Ушундай маселелер боюнча президенттин жанындагы жардамчылар өз учурунда элге так жана түшүнүктүү маалымат берип турушу абзел. Өткөндө коомчулук катуу талкууга алышты эле - бир Акүй турса  эмне себептен Ысык- Көл мейманканасын уратып, жаңы Акүй салганы жатышат деп . Мунун дагы орчундуу себептери бар. Бирок Президенттин кеңешчилери элге так түшүндүрүп бере алышкан жок, мүмкүн себептерин деле билишпейт окшойт. Себептерин санап берип, элге туура маалымат жеткиришкенде эл туура эле кабыл алмак колдомок. Жардамчылары өздөрү билбесе алар эмнени элге айтмак эле!