КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы жогорку билим тууралуу жасалма дипломдорду даярдаган каналдын бетин ачты. Ага чейин КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пункту (“Кызматтык абалынан пайдалануу менен алдамчылык”) боюнча кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, кыргызстандык Ж.М.Б. 2017-2018-жылдары Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медицина факультетинин деканы кызматын аркалап турган убагында 12 000 АКШ доллар үчүн Ирактын эки жаранына Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын бүтүргөндүгү тууралуу жасалма диплом жасап бергени аныкталды.
Учурда башка ушул сыяктуу фактылар, ошондой эле жасалма диплом жасоого тиешеси бар башка адамдар аныкталууда.
Тергөө амалдары жүрүп жатат.