Печать
Категория: Коом
Просмотров: 127

Кыргызстанда жасалма паспортторду даярдоочу канал аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан эл аралык террористтик уюмга (ЭТУ) каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Ош облусунун аймагында КР жасалма паспортторун даярдоо канал бардыгы тастыкталган.

Ош облусунун тургуну Х.У.О. эл аралык террористтик уюмунун айрым мүчөлөрүнүн өтүнүчүн аткарып, террордук аракеттерге катышканы үчүн издөөдө жүргөн өзбекстандыктарга кыргыз жасалма паспорт даярдап берүүнү колго алган. Кармалган адам паспортту Ош облусу боюнча граждандык абалдын актыларын жазуу, калкты паспорттоштуруу жана каттоо органдарындагы байланыштары аркылуу бүткөрүүгө аракеттенген. 

 Х.У.О.нун жашаган жери тинтүүгө алынганда,  Кыргыз Республикасынын жаранынын 2 паспорту табылган. Аталган факты боюнча учурда аталган паспортторду даярдоонун жана берүүнүн мыйзамдуулугун аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.