Печать
Категория: Коом
Просмотров: 81

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Анара Сыдыгалиева Түрк дүйнөсүнүн 2022-жылдагы эң мыкты театр актрисасы аталды. Бул тууралуу ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев соцтармактагы баракчасына жарыялады. 

“Кыргыз улуттук театр өнөрүнүн мыкты актрисасы Анара Сыдыгалиеванын эл аралык сыйлыгы кут болсун”, - деп жазды Султан Раев.

ТҮРКСОЙ эл аралык уюму жана Түркиянын эң кадыр-барктуу “Театр” уюму эл аралык театр күнүнө карата 2022-жылдын Түрк дүйнөсүнүн эң мыкты театр сыйлыгына татыктуулардын ысымын жарыялаган. Сыйлык 24-апрелде Түркиянын Стамбул шаарында тапшырылат.