Печать
Категория: Коом
Просмотров: 63

Контрабандалык жүк ташылган автоунаа мамлекеттин кирешесине конфискацияланды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Анда айтылгандай, Баткен облусунда И.М.А. аттуу кыргыз жарынын башкаруусундагы Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Текшерүү учурунда унаадан 25 желим капка салынган карниз үчүн пластик шакекчелер, 5 капка салынган карниз үчүн кармагычтар табылган. Кармалган товардын жалпы салмагы 522,2 кг түзгөн. Жүктүн бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери болгон эмес.

Аталган иш боюнча материалдар Баткен райондук сотуна жөнөтүлүп, соттун 2023-жылдын 1-мартындагы чечими менен унаа мамлекеттин кирешесине конфискацияланган.