Печать
Категория: Коом
Просмотров: 99

Президенттик администрациянын басма сөз кызматы Кыргызстандын жарандыгын алуунун жол-жобосу боюнча билдирүү таратты.

Анда өлкө жарандыгын берүү Конституция, эл аралык келишимдер жана "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндөгү" мыйзамына ылайык жүргүзүлөрү айтылат. Арыз жазуу, кабыл алуунун тартиби, макулдашуу, баш тартуунун себептери жогорудагы нормативдик укуктук актылар менен аныкталары белгиленген.

Президенттик администрация тараткан маалыматка ылайык, жарандык берүү тийиштүү органдар тарабынан тыкыр көзөмөлдөнөт. Кыргызстандын жарандыгын алууну каалагандар жогорудагы талаптардан өтүп, комиссиянын жыйынтыгы менен чечим кабыл алынат. Президенттик администрация жарандык алууда эч кимге артыкчылык берилбей турганын белгиледи.

25-мартта The Moscow Times басылмасы Орусиянын саясий жана ишкер чөйрөдөгү таанымал адамдары кыргыз жарандыгын алып жатышканын жазган. Макалада Кыргызстандын президентинин 2022-жылдын 26-октябрында өлкө жарандыгына кабыл алуу жөнүндө чыгарган жарлыгындагы бир катар адамдардын аты-жөнү жазылган.