- 24-мартта революция болбосо Түркмөнстанга же Тажикстанга айланмакпыз деген ойлор айтыла баштады. Ошол мезгилде Акаевдердин бийликтен кеткени туура болгонбу?

- 2005-жылдын 24-мартында революция  болгону туура болгон. Анткени, революциянын шарапаты менен ошол кездеги Акүйдүн 7-кабатына чейин жетип калган коррупциялашкан  бийлик кулаган. Акаев  Россияга баш калкалоого аргасыз болду. Эгер Акаев бийликтен кетпегенде, Түркмөнстан же Тажикстан болмокпуз. Дагы жакшы эл чыгып, аны бийликтен кетүүгө аргасыз кылды. Революциядан кийин Кыргызстанда шайлоо болуп, бир топ нерсе өзгөргөндөй болгон.  Бирок, анын коррупциялык системасы түп тамырынан кулабаганы үчүн эл бийликти толук колуна алалган жок. Тагыраагы, элде бийликке талап койгон тажрыйба жок болду. Ошон үчүн президенттер алмашканы менен бийликте анчалык деле  өзгөрүү байкалбай калды. Отунбаева бийлик башына келгенде тышкы саясатта көп нерсе калыбына келет деп үмүт кылгам. Тилекке каршы, ал дагы  кыска убакытка эле иштеп, бийлигин өткөрүп, элдин мүдөөсү аткарылбай  калды.  

Азыр билимдүү жаштарды көргөндө кубанам. Кудайдын кулагы сүйүнсүн билимге, илимге сугарылган, мамлекетиме кызмат кылам деген жаштар көп. Буюрса, мына ошолор мамлекетибиздин өнүгүшүнө салым кошушат. Азыркы жаштарыбыз тил үйрөнгөнгө жөндөмдүү. Нарында, Баткенде жатып алып эле тил үйрөнүп, чет мамлекеттеги чоң компанияларда иштеп, каражат таап жатышат. Америкада иштегени да үй -бүлөсүн, тууган - туушкандарын багып, жакындарын абалдан чыгарып жатышат.  Буюрса, четте окуп, тракт айдап иштеп жаткан  жигиттер кези келгенде экономиканы өнүгүшүнө салым кошушат.